"Евро-2020" турниринде Финляндияга каршы оюнда талаада эс-учун жоготкон Дания курамасынын жылдыздуу футболчусу Кристиан Эриксен эми чоң футболго кайтып келеби деген суроо көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүн бушайман кылууда. Белгилүү кардиолог Скотт Мюррей Эриксендин футболго кайтып келишине баа бергенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Бул окуя чындыгында анын карьерасын жыйынтыкташына алып келет" деген Мюррей.
Анын айтымында, Италияда жүрөгү ооруган оюнчуларды талаага чыгарбайт. Эриксен италиялык "Интер" клубунун оюнчусу экенин баса белгилей кетүү керек.
Эриксендин оюнга кайтып келүү мүмкүнчүлүгү дагы деле болсо бүдөмүк. Лондондогу Сент-Жорж университетинин спорттук кардиология профессору, Эриксен менен "Тоттенхэм" клубунда иштешкен Санжай Шарма Sport Bibleге басылмасына берген маегинде: "Ал бир нече мүнөткө болсо да өлгөн. Анын жүрөгү токтоп калганын баарыбыз билдик. Кайсы бир саламаттыкты сактоо кызматкери анын дагы бир жолу өлүшүнө жол бербейт болушу керек. Карьерасын улантабы? Жооп жок", - деген.
2-июнда өткөн Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.