Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 17 жаштагы кыз уурдалып, эки күндөн кийин табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-июнга караган түнү саат 02:30 чамасында Кара-Көл ШИИБине 41 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 1-июнь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында 2004-жылы туулган кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
"Издөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы кыз 2-июнда өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына "Мага жардам бериңиздерчи. Мени уурдап кетишти. Телефонумду алып коюшту. Мындан улам эч кимге чала албай жатам. Сураныч, апама айтып койгулачы. Мен азыр кайда экенимди билбейм. Мени келин болосуң деп жатышат" деп жазганы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "адамды никеге туруу максатында уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
3-июнда саат 21:30 чамасында изделип жаткан кыз Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндө жолдун четинде отурган жеринен табылган. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.