Бишкекте Ленин жана Свердлов райондорунун акимдери алмашты

Бишкекте Ленин жана Свердлов райондорунун акимдери алмашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов ротациялоо жолу менен Ленин районунун башчысы кызматына которулду. Ленин районунун мурунку акими Мелис Өскөмбаев жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эми Бахтияр Карамшаков Свердлов районунун башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон", - деп маалымдашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан