Франциянын жарым коргоочусу Поль Погба "Евро-2020" турнириндеги Германия курамасынын үстүнөн жеңишке жеткенден кийин маалымат жыйынында столдун үстүндөгү сыраны алып салды.
Маалыматка ылайык, Погба маалымат жыйынына келип, "Евро-2020" турниринин демөөрчүсү болгон сыраны столдун үстүнөн алып койгон. Анын жанында суу жана 2 бөтөлкө Coca-Cola суусундугу гана калган.
Буга чейин дагы Португалия курамасынын атактуу футболчусу Криштиану Роналду маалымат жыйынына келип, столдун үстүндөгү 2 бөтөлкө Coca-Cola суусундугун алып салгандыгы кабарланган.