Ош облусунда ири өлчөмдө акча талап кылууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-апрель күнү Ош облустук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда Ноокат районунун тургуну өзүнүн айылдаштарынан турган кылмыштуу топ түзүп, алдын ала макулдашып алышып, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ноокат районунун “смотрящийи” деп тааныштырып, “сени түрмөдөн адамдар кызыгып сурап жатышат, күнөөңдү жуубасаң жаман болот, арматура менен чаап майып кылып өлтүрөм” деп бычак такап коркутуп, ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөндүгүн жазган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 248-беренеси "уюшкан топту түзүү же ага катышуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокат районунун 29 жаштагы эки тургуну кармалышты.
Учурда тергөө уланууда.