Бүгүн, 16-июнда Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуу үчүн Швейцариянын Женева шаарына учуп барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу Женева көлүнүн жанында жайгашкан La Grange вилласында өтөт. Жолугушуудан кийин биргелешкен пресс-конференция болбойт. Путин менен Байден журналисттерге өзүнчө чыгышат. Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай келишимдерге кол коюлбайт.
Байден менен Путиндин жолугушуусу тыныгууну кошкондо 5 саатка созулат.