Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду

Бишкектеги Чүй проспектисинде 24-октябрда саат 20:20да Сокулук районунун 24 жаштагы тургуну Мерседес-Бенц унаасын айдап баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, жол кырсыгынан 45 жаштагы М.Елена алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгына таянсак, айдоочу мас абалында болгон эмес. Учурда унаа айып төлөөчү жайга жеткирилди. Аталган жол кырсыгы боюнча материалдар Бишкек ШИИИБине өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан