Монголияда 99 жаштагы жаран коронавирустан айыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 99 жаштагы бейтап 2 апта бою күчөтүлгөн режимде ооруканада дарыланып, абалы жакшырган. Ошондой эле ал дарыланып бүткөндөн кийин коронавируска каршы тесттен өтүп, тесттин жыйынтыгы таза чыккан. Учурда бейтап ооруканадан үйүнө чыгарылган.