Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн окуясы: Интернаттын директору кызматынан четтетилет

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча кеңешме өттү. Ага балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова, тиешелүү министрликтердин жетекчилери, балдардын укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, окуянын чоо-жайы каралды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашат.

Өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин аракеттери же аракет көрбөгөнүнөн улам келип чыккан кайгылуу окуя үчүн тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароону өзгөчө көзөмөлгө алуу чечими кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигине Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чаралары бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетүү, ошондой эле министрликтин кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигин, алардын ээлеген кызмат ордуларына ылайыктуулугун кароо сунушталды.

Ошондой эл болуп өткөн трагедияга байланыштуу Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, алардын ичинде каза болгон баланын бир тууганы Б.Якунинге психологиялык жардам көрсөтүү тапшырылды.

Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөгө алып, мыйзам чегинде өз убагында бардык чараларды көрүү сунушталды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, комиссиянын тийиштүү чечими кабыл алынат.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылды. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын курамына президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирди.

Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан