"Реал Мадрид" 16 жылдан бери ойноп келген капитаны Серхио Рамос клубдан кетерин жарыялады

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун белгилүү коргоочусу Серхио Рамос 16 жылдан кийин клубдан кетет. Мындай маалымат мадриддик клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ушул айдын аягында Рамостун клуб менен келишими аяктап, тараптар аны узартышкан эмес. Бүгүн, 17-июнда коштошуу маалымат жыйыны болот, ага футболчудан тышкары "Реал Мадриддин" президенти Флорентино Перес дагы катышат.

Серхио Рамос "Реал Мадрид" клубунда 2005-жылдан бери ойноп келет. Мадриддик клуб менен 35 жаштагы футболчу беш жолу Испаниянын чемпиондугун, эки жолу өлкө Кубогун, төрт жолу Суперкубогун, төрт жолу Чемпиондор Лигасын, үч жолу УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун төрт жолу жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Real98
2021-06-17 10:53:35
Рахмат сага Рамос,тирүү легенда! Дагы 2 сезон оюн көрсөтүшүң керек эле..Айла канча!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан