Баткенде социалдык тармактардан экстремисттик уюмдарга чакырык жасап жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Фейсбук социалдык тармагында өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик уюмуна таандык маалыматтарды бөлүшүп жүргөн аккаунт аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 315-берене "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында, социалдык тармакта тыюу салынган маалыматтарды бөлүшүп жүргөн жарандын аты-жөнү аныкталып, Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 56 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болгон.
15-июнь күнү шектүүнүн жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик уюмуна таандык 5 даана китеп, 3 даана баракча жана диск, флешка, телефондор далил буюм катары алынды. Учурда алынган буюмдарга тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.