Жалал-Абаддагы компьютердик клубдардын биринен өрт чыгып, дисктер өрттөндү
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы компьютердик клубдардын биринен 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өрт өчүрүүчү кызматы келгенче өрт өчүрүлүп калган. Өрттүн кесепетинен клубдагы дисктер күйүп кеткен. Кырсыктын келип чыгуу себеби аныктала элек.