"Евро-2020": Орусия өз үйүндө Финляндияны жеңип, керектүү делген үч упайды алды (видео)

Бүгүн, 17-июнга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "Евро-2020" турниринин "В" тайпасындагы Орусия - Финляндия беттеши өтүп, оюн 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Беттештеги жалгыз гол биринчи бөлүктүн аягында жаралды. Анда Орусиянын жарым коргоочусу Алексей Миранчук сол буту менен топту эң алыскы бурчтукка багыттады. Миранчук "Евро-2020" турнириндеги эң алгачкы соккусун голго айланта алганын белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары бул күнү "А" тайпасындагы 4 команданын оюну орун алды. Анда Италия курамасы Швейцарияны 3:0 эсебинде жеңип, турнирдин плей-офф баскычына чыкса, Уэльс командасы Баку шаарында Түркияны 2:0 эсебинде жеңди.

Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, плей-офф баскычына 16 команда чыгат.

"Орусия" - "Финляндия" (1:0)
"Түркия" - "Уэльс" (0:2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanybek1986
2021-06-17 10:08:55
Турция евро 2020 менен коштошуптур анда италия швецарияны уткан болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан