Орусиянын президенти Владимир Путин менен анын америкалык кесиптеши Жо Байдендин 16-июнь, шаршемби күнү Женевада өткөн саммиттен кийин Москва жеңүүчү позицияда кала берди, ал эми АКШ "эч нерсе алган жок". Бул тууралуу Американын мурунку президенти Дональд Трампка шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"16-июнь Москва үчүн жакшы күн болду" деген Трамп.
Белгилей кетсек, эки лидердин жолугушуусу 4 саатка созулуп, бири-бирине белек берүү менен аяктады.