"Чечим эки тараптуу". Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен жолугушканы тууралуу үн катты

Түркияга барып медициналык кароодон өтүп келген ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен болгон мамилеси жана алардын Түркиядагы жолугушуусу тууралуу үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, үй-бүлөлүк видео жүктөдү.

Видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү аларга жакшы каалоо-тилектерин жазышууда.

"Бизге бакыт каалагандарга рахмат. Бакытты ар ким өзүнүн каалоосуна жараша алат. Биз кызыбыз үчүн жакшы мамилени кармап калабыз. Ал (ред.: Нурлан Насип) бул жакка өзүнүн жеке жумуштары менен келип, кызын көрүп, аны дагы клипке тартайын деди. Мен колдодум", - деген ал.

Ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроолор көп берилип жатканын, бул жабык тема экенин айтат.

"Бул туурасында такыр ооз ачкым келбейт. Баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Тагдырын ушундай жол менен чечкен биринчи жана акыркы үй-бүлө жалгыз эле биз эмеспиз. Бул эки тараптуу чечим. Болгону бизди колдоп койгула жана талкуулабагыла. Маңдайга жазылганын көрөбүз", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kombi
2021-06-17 11:21:15
Жаль тушунуш керек бири бирин
+4
kited
2021-06-17 12:38:30
Чогу жашасанар жакшы болмок менин ойумча Нурлан жароокер куйумдуу камкоор ата чогу жашасан болмок Асел.кайната кайненендерда жонокой карапайым адамдар озундо характер бар окшойт.кечирип кой апанда киришет окшойт турмушуна.кызын учун баарына чыдап жашасан болотта.
+1
Belek1710
2021-06-17 12:41:13
Ойлонгула, эч качан биринчи турмушка жетпейт.
+2
Sheikh-9
2021-06-17 18:50:55
Belek1710,ушуну коп адам тушуно бербейт тура ото окунучтуу
-1
Mirnar
2021-06-17 14:10:35
Асель бир олумдон калды Нурлан ушундай учурда колдоп, чыдап койсо болмок!!!
+3
ferrara2014
2021-06-17 14:50:37
Эсинерден чыкпаса Нурлан операция болуп жатканда Асел апасы экоо салон ачып майрамдап жатпады беле. А Нурлан, менимче жакшы эле карады Аселди.Камкордук, сый эки жактан тен болушу керек го. Асел "капризныйыраак"го.
0
ferrara2014
2021-06-17 14:53:16
Негизгиси Нурлан кыйын кундордо Аселдин жанында болуп бутунан тургузду. Адамгерчиликтуу экен.
-2
Omyke
2021-06-17 17:36:25
Байден менен Путина жолуккандай эле реклама кылдыго Сутнёр Инфо.
+2
zilish_kg
2021-06-17 17:41:07
Omyke,))
+1
Aidan_Ek
2021-06-17 17:51:13
Нурлан эркек болсо Эми Асел менен кызына уй алып берип койсо болот. Асел бул Ден-соолугу менен уй алууда жалгыз кыйналат.
+2
munduz2016
2021-06-17 19:54:53
Бакыт каалайм. Тагдырдан качып кутула албайт эч ким.
+1
Baktikan
2021-06-17 21:38:28
Bul jerde Nurlandin ata enesi da sebep boldu okshoyt~kimiyip oturup alip kaynenelerde da ish kop
+3
Nursul
2021-06-17 22:14:51
Жарашып эле алышса жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан