Түштүк Африка өлкөсү Ботсванада дүйнөнүн эң ири үчүнчү алмазы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ботсванадагы "Дебсвана" алмаз фирмасы билдирүү жасап, 1-июнда табылган 1 миң 98 караттык (219,6 грамм) алмаздын "дүйнөдөгү үчүнчү ири асыл таш" экени белгилеген. Баалуу таш өлкөнүн борбору Габоронеге алып келинип, президент Мокгвеци Эрик Кеабетсве Масисиге (Mokgweetsi Eric Keabetswe Masisi) белек кылынганы айтылган.
"Дебсвананын" директору Линетт Армстронг казып алынган алмаз Ботсвана үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп "бул биздин элибизге үмүт берет" деген.
1905-жылы дүйнөдөгү эң ири 3106 караттык Куллинан алмазы Түштүк Африкада табылган.