КРнын Футбол федерациясы жана Кыргызстандын Футбол Лигасы тарабынан түзүлгөн атайын комиссия Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарындагы стадиондордун абалын текшерүүдөн өткөрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Учурда 24 спорттук объект текшерүүдөн өттү. Ноябрь айында аталган комиссия Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы стадиондордун абалын текшерет. Аталган текшерүүлөрдүн жыйынтыгында стадиондордун КРнын Футбол федерациясынын талаптарына жооп берери аныкталып, аларга баа берилет.