Ат-Башыда 2 күн мурда жоголгон келиндин жансыз денеси табылды

15-июнь күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 38 жаштагы келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 16-июнь күнү ИИМдин кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн ӨКМга жардам сурап кайрылышкан.

Аны табуу аракеттерине 5 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун жансыз денеси табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-06-17 13:00:28
Кантип табылды каерден табылды,толук жазгылачы !?
+5
a_i_k_a
2021-06-17 18:59:01
Толук жазгылачы эмне болуп кайсыл жерден
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан