Чүйдө электр зымдарынын чыңалуусунан улам тигүүчү цехтен өрт чыкты

Кечээ, 16-июнь күнү Чүй районундагы Чүй айылынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехте өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен цехтин 100 чарчы метр кампасы жана материалдар күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:28де бир бригада тартылып, өрт саат 14:21де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн чыгышына электр зымдардын кыска туташуусу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан