Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн жарандар Орусиянын аймагынан кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө ар кандай кылмыштарды жасап, Орусиянын аймагында из жашырып жүргөн 28 жарандын жүргөн жери аныкталды. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.
"Москва шаарынын аймагынан Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Аны оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи издөөгө алган. Ага карата 2016-жылдын жазында "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин анын шериги дагы кармалып, бир нече айдан кийин сот алардын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Башында алар эч себепсиз соттук отурумдарга келишкен эмес, андан соң изин жашырып качып кетишкен.
Баңгизатты мыйзамсыз сатууга шектелип издөөдө жүргөн Ош облусунун 34 жаштагы тургуну кармалды. 2019-жылдын жазында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты сатуу менен алектенген топту 4 килограмм гашиш менен укук коргоо органдары кармашкан. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал дагы Орусиянын аймагында кармалды.
Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну (аял киши) дагы кармалды. Ал жасалма документке байланыштуу факты менен 2020-жылдын ноябрь айынан бери издөөдө жүргөн.
Мындан сырткары уурдоо беренеси менен Оштун 52 жаштагы жана Чүйдүн 26 жаштагы тургуну кармалды. Ошондой эле олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысына шектелип 62 жаштагы дагы бир Чүйдүн тургуну кармалды. Баары издөөдө жүргөн", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Учурда кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн компетенттүү органдарына өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилүүдө.