Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия Кубогуна тандап алуунун 3-раундуна чыкты. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндары 2022-жылы өтүүчү Дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндары менен бириктирилген. Дүйнө биринчилигине тандап алуунун үчүнчү раундуна 12 команда өттү. Алар: Япония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Ирак, Оман, Вьетнам жана Ливан курамалары.
Бул тизмеде Азия Кубогун кабыл ала турган Кытай дагы бар.
Калган 11 жолдомо 3-раундда ойнотулат. Анын арасында "Ак шумкарлар" дагы бар. 3-раундка чыккан 24 команда 6 тайпага бөлүнөт. Өз тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар Кытайда өтө турган Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.
Азия Кубогуна тандап алууга чыккан 15 курама команда: Өзбекстан, Иордания, Бахрейн, Кыргыз өлкөсү, Палестина, Индия, Таиланд, Тажикстан, Филиппин, Түркмөнстан, Кувейт, Ооганстан, Малайзия, Сингапур жана Монголия.