Бишкек шаарындагы 20 миңден ашуун медицина кызматкерлери үйгө муктаж

Бүгүн, 17-июнь күнү медицина кызматкерлерине тиешелүү көңүл бурулуусун талап кылган маалыматтык жыйын өтүүдө. Анда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзу медицина кызматкерлерине үй куруп берүүгө шарт түзүп берүүсүн суранышууда. Бул тууралуу профсоюздун төрагасы Нуралы Айдаров айтты.

"Бийликти, элди медицина тармагына көңүл бурууга чакырабыз. Канча жылдан бери медицина кызматкерлерине бир имарат курулган жок, сүйүнүчтүү иштер жасала элек. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесин коюп жатабыз. Биринчи жер маселесин чечип алыш керек. Бишкек шаарында 30 миңге чукул медицина кызматкери жашайт, анын ичинен 20 миңден ашуунунун өз үйү жок, батирде жашашат. Бишкек шаарынын жер фондунда чоң жерлердин бардыгы көк китеп менен ижарага берилип кеткен. Багыты менен иштетилбеген жерлерди сот аркылуу кайтарып, медицина кызматкерлерине бөлүп бериш керек. Болбосо Бишкек шаарынын аймагын кеңейтип, жер бөлүп берсе, имарат курууга чоң мүмкүнчүлүк болот. Медицина кызматкерлерине өз баасында: бир бөлмөлүү батирди 10 миң долларга чейин, эки бөлмөлүү батирди 15 миң долларга чейин куруп берсек аларга жакшы шарт түзүлмөк.

Бишкек шаарындагы бардык медицина кызматкерлерине үйлөрдү жеткиликтүү кылып бериш үчүн 7 гектар жер жетиштүү болот. Үй берип, жетиштүү төлөө убакытын коюп бергенге даяр курулуш компаниялары бар”, - деп билдирди Айдаров.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлеринин профсоюзу быйыл май айында уюшулган. Профсоюз дарыгерлердин укуктарын коргоо менен алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан