"Евро-2020": Стадионго парашют менен конгон адамды снайперлер парашюттагы бир жазуу үчүн аткан эмес. Эмне жазуу?

"Евро-2020" турниринин алкагында Мюнхен шаарындагы "Альянц Арена" сатадионунда өткөн Германия - Франция беттешинде стадионго парашют менен конгон адамды снайперлер парашюттагы "Гринпис" деген жазуусу үчүн аткан эмес. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, оюн учурунда стадиондун үстүнөн учууга тыюу салынып, стадион толугу менен көзөмөлгө алынган. Бирок "Гринпис" уюмунун активисти стадионго парашют менен конгон. Стадиондогу снайперлер анын парашютундагы "Гринпис" деген жазууну көрүп калып гана ок чыгарган эмес.

"Гринпис" - бул эл аралык көз карандысыз өкмөттүк эмес экологиялык уюм. Уюм 1971-жылы Канадада негизделген.

Германия - Франция беттеши 0:1 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан