"Газпром Кыргызстан" 38чи калктуу пунктту жаратылыш газына кошту. Ал - Алтын-Ордо жаңы конушу

Компания Алтын-Ордо жаңы конушундагы 1800 жогору турак үйдү жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн 25 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөрүн курду. Өлкөнү газдаштыруу деңгээли 35% түздү, бул «Газпром Кыргызстан» өз ишмердүүлүгүн баштаганга чейинки деңгээлден 13%га жогору.


Көптөгөн кыргызстандыктарды жаратылыш газына кошуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, жыл сайын "Газпром Кыргызстан" компаниясы жаңы газ тармактарын жана объекттерин куруу боюнча инвестициялык программасын ишке ашырууда. 2021-жылы "Газпром Кыргызстан" Алтын-Ордо жаңы конушунан тышкары Көк-Жар айылында жана Рухий-Мурас конушунда газ тармактарын курмакчы.

«Газпром Кыргызстан» 2016-2020-жылдары:

  • "Бухара газ району – Ташкент – Бишкек – Алмата" магистралдык газ өткөргүчүнүн 112 чакырымы курулду жана реконструкцияланды;
  • 38 жаңы конуштарда жана калктуу пункттарда жалпы узундугу 875 чакырымдан жогору көчө газ өткөргүчтөрү курулду. Жаратылыш газына кошулууга 36 000 турак үй – 200 000 жашоочу мүмкүнчүлүк алышты;
  • Бишкек-2, Сокулук, Токмок, Кант газ бөлүштүрүүчү станциялары реконструкцияланды;
  • "Бишкек-Кант-Токмок" бөлүп кетме газ өткөргүчүнүн 67 чакырымы реконструкцияланды;
  • Ленинское айылында АГТКСсы реконструкцияланды;
  • Жалпы аянты 31 400 чарчы метрди түзгөн өндүрүштүк имараттар курулду;
  • Эскилиги жеткен 100 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөр толук оңдоодон өткөрүлдү.

2018-жылдан бери Кыргызстанда жаратылыш газына өтүү трендге айланды – аны колдонуу 40%га жогорулады. Бул жаратылыш газынын экологиялык жактан таза, турмуш-тиричилик жана жылытуу шартында колдонууда жөнөкөйлүгү менен түшүндүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын ишмердүүлүгү башталган убакыттан тартып жаратылыш газын колдонуу кантип өскөн:

  • 210 миллион куб метр — компаниянын ишмердүүлүгү башталганга чейинки 2014-жылдагы жаратылыш газын колдонуу көлөмү;
  • 2020-жылы кыргызстандыктар 280 миллион куб метр колдонушкан. Өсүш — 70 миллион куб метрди түзгөн;
  • 40% — 2014-жылдан 2020-жылга чейин калк арасындагы жаратылыш газынын өсүшү;
  • 60 000 жогору — 2014-жылдан бери абоненттердин өсүшү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан