Орхан Инанды дайынсыз болуп жатканына 17 күн болду (хронология)

"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү экени айтылып жүргөн Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканына бүгүн 17 күн болду. Дагы деле табыла элек.

Төмөндө Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы:

Ушул жылдын 1-июнь күнү болжол менен саат 04:20 чамасында 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Лексус-470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

* Окуяны тактоо үчүн милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инанды аттуу жарандын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

* Ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилип, издөө жана иликтөө иш-чаралары Октябрь РИИБи тарабынан жүргүзүлүп башталган.

* Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-берене "адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

* Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

* "Сапат" лицейинин өкүлдөрү, жактоочусу маалымат жыйын берип, айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте тирүү кармап турушат, бирок бул маалымат тактала элек деген.

Орхан Инанды 1968-жылы Түркияда туулган. Анкара шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин тарых факультетин аяктаган. Ал мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Түркиядан 1995-жылы Кыргыз өлкөсүнө келген. 2001-жылдан тартып "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти болгон.

* 1-июнда Бишкектеги Түркиянын элчилигинин алдында тынчтык митинги өтүп, чогулгандар "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын тезинен табылуусун талап кылышты.

* УКМКга 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун Инандыны жакындарынан акча талап кылуу үчүн уурдоо ниети бар экендиги тууралуу маалыматтар белгилүү болгон. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде текшерүү иштери жүргөн. Бул тууралуу Орхан Инандыга кабар берилип, жеке жан сакчы менен жүрүү сунушталган.

* Болжолдуу 30дай адам "Манас" аэропортунун жолунун боюнда митингге чыгышкан. Алар "Манас" аэропорту аркылуу Орхан Инандыны сыртка алып чыгып кетүү мүмкүн деп чогулушкан.

* 2-июнда Бишкекте Орхан Инандынын жоголуусунан улам экинчи митинг өттү. Чогулгандар "Сапат" лицейинин негиздөөчүсүнүн табылуусун жана анын жоголуусуна байланыштуу суроолорго так жооп талап кылышкан. Митингге "Сапат" лицейинин окуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана мектеп жамааты чыкты. Митинг Түркиянын элчилигинин алдында башталып, өкмөт үйүнүн алдында уланган.

* 3-июнда Бишкекте "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен үчүнчү жолу митинг өттү.

"Сапат" лицейинин бүтүрүүчүлөрү, Инандынын үй-бүлөсү жана достору анын жүргөн жери жөнүндө так маалымат үчүн сыйлык төлөөгө даяр экендиктерин айтып чыгышты.

* Орхан Инандыны табууга жардам берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган жаран кармалды.

* Жубайы Рейхан Инанды 3-июнда маалымат жыйын берип, 85 жаштагы апасына анын жоголуп жатканын айта электигин билдирет.

* Кыргыз жараны Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ИИМ министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

* Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

* 4-июнда Бишкекте "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен төртүнчү жолу митинг өттү. Анда Орхан Инандыны тапкандарга 1 миллион доллар берилери айтылып, президентке кайрылуу үчүн кол топтошту.

Дайынсыз жоголгон "Сапат" билим берүү лицейинин негиздөөчүсүн издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жаткандыгы тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

* Бешинчи жолу митингге 500дөй киши катышты. Алардын арасында коомдук ишмерлер, илимпоздор да бар.

* Инанды Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратында болушу мүмкүн деп жубайы Рейхан видео кайрылуу жарыялады.

* 7-июнда өкмөт үйүнүн алдында "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен 6-жолу митинг өттү. Анда чыккан тарапташтары эч бир сөз сүйлөбөй, колдоруна плакаттарды кармап чыгууну туура табышкан.

* "Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факты жок", - деп 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп изделип жаткан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында, башка кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышты. Алсак, 1-июндан 7-июнга чейин 164 кылмыш менен жоруктардын бети ачылган.

* Орхан Инанды жоголордун алдында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев менен жолугушканы маалым болду.

* 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан