"Уюлдук телефондон баштап кийимдерине чейин". Ошто Сулайман-Тоодо жана сейил бактарда өспүрүмдөр тонолуп жүргөн

Ошто Сулайман-Тоодо жана Навои эс алуу багында өспүрүмдөрдү тоноп жүргөнгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция бөлүмүнө Ош шаарынын 8 тургуну апрель-май айларында балдарын белгисиз жарандар Сулайман-Тоодо жана Навои эс алуу багында тоношконун айтып арыз менен кайрылышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан 3 өспүрүм кармалган. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 17 жаштагы үч тургуну болгону аныкталган. Кармалган учурда жанынан далил катары буюмдар табылган. Шектүү жарандар эс алуу багында жүргөн өспүрүмдөрдү коркутуп, уюлдук телефондорун, кийимдерин тартып алып жүрүшкөн. Ош шаардык соту тарабынан өспүрүмдөрдүн баш коргоо чарасы каралып, жаш өзгөчөлүгү эске алынып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Real98
2021-06-17 16:49:52
Ушуга окшогон чычымдарды кайсыл жерден жолуктурам? Өздөрүн жылаңач кылып кубалайын.
+3
Birimdik5555
2021-06-18 03:18:41
Аллахым инсап берсин бул балдарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан