"Евро-2020": Күзөт кызматкери Криштиану Роналдуну тааныбай, андан аккредитация талап кылды

"Евро-2020" турниринин алкагында Будапешт шаарында өткөн Венгрия - Португалия беттешинин астында стадиондо турган күзөт кызматкери атактуу футболчу Криштиану Роналдуну тааныбай, андан аккредитация сураган. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Венгрия - Португалия беттеши Будапешттеги "Пушкаш Арена" стадионунда өтүп, 0:3 эсебинде португалиялыктардын жеңиши менен аяктаган. Бул оюнда Роналду 2 гол киргизген.

"Евро-2020" турнири былтыр жайында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдеш 2021-жылга жылдырылган. Беттештер 11-июлга чейин Европанын 11 шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-06-18 08:28:34
Туура кылыптыр
+1
Dembele84
2021-06-18 09:35:45
Туптуура,ал эмне асмандан тушуппу текшербегидей?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан