Футбол боюнча Италия курама командасынын жарым коргоочусу Мануэль Локателли Швейцария менен болгон оюндан кийинки маалымат жыйынында столдун үстүндө турган Coca-Cola суусундугун алып салды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу маалымат жыйынына келип, турнирдин демөөрчүсү болгон Coca-Cola суусундугун столдон алып, жөнөкөй сууну калтырып койгон. Андан кийин ал журналисттерди карап жылмайган.
Буга чейин дагы Португалия курамасынын атактуу футболчусу Криштиану Роналду маалымат жыйынына келип, столдун үстүндөгү 2 бөтөлкө Coca-Cola суусундугун алып салгандыгы кабарланган. Андан кийин Франциянын жарым коргоочусу Поль Погба маалымат жыйында столдун үстүндөгү сыраны алып койгон.