Бүгүн, 17-июнда президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы, Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин башкы катчысы Си Цзиньпинди жана кытай элин Кытай коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент өз сөзүндө Кытай мамлекети көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө экономикалык жактан жардам берип келе жатканына басым жасады.
Төмөндө мамлекет башчынын куттуктоосу:
“Кытай коммунисттик партиясынын башкы катчысы жана Кытайдын төрагасы урматтуу Си Цзиньпин мырза!
Кытай коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесин утурлай, мен Кыргыз өлкөсүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана сиз жетектеген Кытай коммунисттик партиясын, ошондой эле меймандос кытай элин чын жүрөктөн куттуктайм.
Партия 1921-жылы түптөлгөндөн тартып кытай элин жетектеп, анын жаркын келечеги үчүн күрөшүп келген. Кытай Эл Республикасы түзүлүп, кытай улуту өнүгүү жолуна түшкөн. Кытай коммунисттик партиясынын ийгиликтүү жетектөөсү астында Кытай реформа саясатын ийгиликтүү жүргүзө алды, социалдык-экономикалык жактан ылдам өнүгүүгө жетишип, элдин жашоо деңгээли жогорулады, дүйнө жүзүндөгү кадыр-баркы күндөн-күнгө артты. Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөнүн экинчи ири экономикасына айланды. Дүйнө мамлекеттеринин өнүгүшүнө үлгү болду.
Сиздин даанышман жетекчилигиңиздин астында Кытай биринчи 100 жылдык максатын толугу менен ишке ашырды. Жакырчылыкты жоюу күрөшү толук ишке ашты, жашоо деңгээли боюнча орточо жетиштүү коом түзүлдү.
Коронавирус пандемиясы башталгандан тартып сиз партияны жетектеп, элиңиздин саламаттыгын биринчи орунга коюп, пандемияга каршы өз убагында активдүү чараларды көрдүңүз. Дүйнөдө эң биринчилерден болуп коронавирусту жеңдиңиз жана экономиканы калыбына келтирдиңиз.
Кыргыз өлкөсү Кытай мамлекетинин албан ийгиликтерге жетишкендигине абдан кубанычта. Ошондой эле коммунистик партиянын жетектөөсү менен кытай эли өзүнүн бийик кыял-тилектерин жүзөгө ашырат деп ишенебиз.
Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн тартып көз карандысыз жана тынч дипломатиялык саясатты, дүйнө жүзүндө тынчтыкты сактоону, бүткүл дүйнө жүзүнүн жалпы өнүгүүсүн илгерилетүүнү колдоп келет. Ошону менен бирге адамзаттын прогрессивдүү ишин илгерилетүүдө эбегейсиз роль ойнойт. Сиз сунуштаган “Адамзаттын бирдиктүү тагдыры жамаатын'” куруу идеясы чоң тарыхый мааниге ээ, ал адамзаттын өнүгүү жана алдыга илгерилөө багыттарын көрсөттү, ошондой эле дүйнө коомчулугуна кеңири таанылып, мактоого ээ болду.
Кыргыз өлкөсү менен Кытай - ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери, Кыргыз мамлекети «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда. Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылды.
Ушул жылдын февраль айында сиз менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө биз эки мамлекеттин мамилесин тереңдетүү жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтык тууралуу пикир алмаштык. Кытай мамлекети көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу, пандемияга каршы күрөшүү жана башка тармактар боюнча көптөгөн жардамдарды берип келет. Кыргыз Өкмөтү, кыргыз эли Кытай Өкмөтүнүн жана элинин бизге болгон терең достук мамилесин унутпайбыз. Кыргыз өлкөсү ар дайым Кытайдын эң туруктуу өнөктөш катары көрөт. Мен сиз менен биргеликте эки мамлекеттин ынак коңшулук, достук жана стратегиялык өнөктөштүк принцибин улантып, жаңы ийгиликтерге жетишүүсүн колдойм.
Дагы бир жолу Кытай коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм.
Кытай мамлекетине ар дайым өсүп-өнүгүүнү, боордош кытай элине тынччылык, аманчылык жана бакыт каалайм”, - деп жазылат билдирүүдө.