Белгилүү футболчу Серхио Рамос "Реал Мадрид" клубу менен коштошуу жыйынында эмоциясын жашыра албай, көзүнө жаш алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
"Реал Мадрид" менен коштошууга убакыт келди. Бул менин жашоомдогу эң оор көз ирмемдердин бири. "Реалга" рахмат. Силер менин ар дайым жүрөгүмдөсүңөр. Кош болгула деп айта албайм, жакында көрүшөбүз деп гана айтам. Себеби мен кайтып келем", - деп көзүнө жаш алган Рамос.
Серхио Рамос "Реал Мадрид" клубунда 2005-жылдан бери ойноп келет. Мадриддик клуб менен 35 жаштагы футболчу беш жолу Испаниянын чемпиондугун, эки жолу өлкө Кубогун, төрт жолу Суперкубогун, төрт жолу Чемпиондор Лигасын, үч жолу УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун төрт жолу жеңип алган.