Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун өнүктүрүү программасынын (ӨП) администраторунун орун басары, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча региондук директору Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда ар кыл багытта биргелешип кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.
Өлкө башчы БУУнун Баткен облусуна көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин баса белгилеп, келечекте чек ара райондорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин кошумчалады.
Ошондой эле Жапаров дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөр барган сайын актуалдуу болуп бараткандыгына токтолду. Жакында Кыргыз өлкөсү ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрө тургандыгын айта кетти.
Президент эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөп жатканын билдирип, БУУну бул багытта бирге иш алып барууга чакырды.
Башкы катчынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер БУУнун түзүмдөрү өлкөнүн чек ара райондорунун жашоочуларына кошумча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жаткандыгын айтты. Ал аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча иштер жүрүп жатканын, алардын коомго тийгизген таасирине токтолду. Эггердин айтымында, Кыргыз өлкөсү региондогу мамлекеттердин арасында бул багытта алдыңкы орунду ээлейт.
Эггер учурда Кыргыз өлкөсүнө жардам көрсөтүү боюнча атайын программада каралып жатканын маалымдады. Ал бул программа 2021-2026-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын приоритеттерине жооп берерин кошумчалады. Ошондой эле ал айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча экологиялык долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Эггер кыргыз тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.