Бишкекте каракчылыкка шектелип жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, март айында ички иштер органдарына алдын ала сүйлөшүп, жарандарга каракчылык менен кол салып, андан соң изин жашырып качып жүргөн адамдардын тобу тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине борбордун жыйырма жаштагы тургуну кайрылып, анын укуктарын коргоп берүүсүн суранган. Үстүбүздөгү жылдын 28-мартына караган түнү Асанбай кичи районунун аймагында белгисиз адамдар аны жолдун жээгине чыгарып, анын Hyundai үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Андан кийин айдоочу менен жүргүнчүнү күч колдонуп, мыйзамсыз алып кетишкен жана кармашкан.
Шектүү адамдар күч колдонушуп, бычак менен коркутуп, жабырлануучуга таандык Hyundai үлгүсүндөгү автоунаасын 2000 АКШ долларына күрөөгө коюуга аргасыз кылышкан. Керектүү каражатты алгандан кийин качып кетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту "Каракчылык" менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМинин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Буга чейин 2021-жылдын 31-мартында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бул фактыга тиешеси бар кылмыштуу топтун эки мүчөсү аныкталып кармалган.
Бул кылмыштын калган шериктештерин кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып келген.
Жакында бул кылмышка тиешеси бар 1996-жылы туулган Д.У. аттуу жаранды кармашып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин ченемдерине ылайык чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына жеткиришти.
Бул кылмышка тиешелүү башка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда.