Коңшу Казакстанда бир килограмм сабиздин баасы 750 (148 сом) - 850 (167 сом) теңгеден сатылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул өлкөдө сабизге болгон баанын эң жогоркусу Актау шаарында болууда. Бул шаарда бир килограмм сабиз 850 теңгеден сатылып жатканы маалымдалды. Казак басылмалары жакынкы 10-15 күндө өлкөдө сабизге болгон баанын арзандашы күтүлбөй тургандыгын жазышууда.
Буга чейин дагы Кыргыз өлкөсүндө сабиздин баасы кымбаттап, килограммы дээрлик жүз сом болгону кабарланган.