Кечээ, 17-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Жаңы Андижан шаарын курууга старт берип, таш салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"Эки-үч жылдан бери Андижандагы турак жай көйгөйүнүн чечилиши мени ойлондуруп келген. Бул аймакта жер аз, турак жайга болгон муктаждык жыл санап өсүүдө. Бир үйдө кайната-кайненеси бир нече келини менен жашаган үй-бүлөлөр көп. Ошондуктан бул боюнча иш алып барууну чечтик жана жаңы шаар курууга кириштик. Бул жерде 130 миңден ашуун батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулат. Шаарда 450 миңден ашуун адам жашайт", - деген Мирзийоев.
Жаңы курулуп жаткан шаардын жалпы аянты 4 миң чакырымды түзөт, анын 2 миңин турак жай, социалдык объектилер, өнөр жай зоналары жана тейлөө мекемелери ээлейт. Калган 2 миң гектарын жашыл зоналар түзөт.
Шаарга 33 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 52 чакырым автожол, 18 чакырым электр тармактары жана 27 чакырым газ түтүгү курулат. Жаңы шаар долбоору 8 этапта ишке ашырылып, 2021-2041-жылдарга эсептелген.