"Евро-2020": УЕФА уюму футболчулардан маалымат жыйында демөөрчүлөрдүн бөтөлкөлөрүнө тийбөөнү талап кылды

УЕФА уюму "Евро-2020" турнирине катышып жаткан футболчулардан маалымат жыйын учурунда демөөрчүлөрдүн бөтөлкөлөрүнө тийбөөнү талап кылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, УЕФА уюмунун иш-чара уюштуруу директору Мартин Каллен "Евро-2020" турнирине катышып жаткан бардык команданын футболчуларына жана машыктыруучуларына маалымат жыйынында демөөрчү болгон компаниялардын бөтөлкөлөрүнө тийбеш керектиги айтылганын билдирген.

"Бул абдан маанилүү, анткени демөөрчүлөрдүн кирешеси турнирде жана Европа футболунда маанилүү", - деген Каллен.

Буга чейин Португалия курамасынын атактуу футболчусу Криштиану Роналду маалымат жыйынына келип, столдун үстүндөгү 2 бөтөлкө Coca-Cola суусундугун алып салгандыгы кабарланган. Андан кийин Франциянын жарым коргоочусу Поль Погба маалымат жыйында столдун үстүндөгү сыраны алып койгон. Өз кезегинде Италия курамасынын капитаны Мануэль Локателли Швейцария менен болгон оюндан кийинки маалымат жыйынында столдун үстүндө турган Coca-Cola суусундугун алып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2021-06-18 10:55:14
Темасын кантет окуй албай кыйналып кеттим
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан