"Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мурунку биринчи вице-премьер-министр Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатканда, канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр" кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды.
"Тергөө иштеринде Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.
Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компания" ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, "Кумтөр" кенинде жайгашкан "Лысый" жана "Давыдов" мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.
Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен кылмышка шектүү делинип кармалды", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.
Жакынкы аралыкта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.