Кочкор районунун Исакеев айылында гараждын ичинде Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, өрт саат 15:20да чектөөгө алынып, 15:50дө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусунан болгон", - деп жазылат маалыматта.