Бүгүн, 18-июнда Япониянын Осака шаарында Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында 3 оюн өткөргөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Ал эми улуттук кураманын айрым футболчулары өлкөгө келбестен, эле түз клубу жайгашкан шаарларга учушкан.
"Ак шумкарлар" Осака шаарында Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында 3 оюн өткөрдү. Анда Монголия менен Японияга жеңилип, Мьянманы 8:1 эсебинде жеңген.