Португалия курамасынын жана туриндик "Ювентус" клубунун атактуу чабуулчусу Криштиану Роналдунун Инстаграм социалдык тармагында катталуучуларынын саны 300 миллион адамга жетти.
Бул дүйнө жүзү боюнча Инстаграм колдонуучуларынын арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Роналдунун Инстаграмында ушул жылдын январь айында эле 250 миллион катталуучусу бар болчу.
Учурда Криштиану Роналду футбол боюнча Европа чемпиондугунун алкагында, Португалия курама командасы менен жүрөт. Португалия курамасы эртең, 19-июнда Германияга каршы маанилүү оюнду ойнойт.