Атактуу Голливуд актёру Жан-Клод Ван Даммдын уулу азербайжандык пианист кызга үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, америкалык актёр Жан-Клод Ван Даммдын уулу Кристофер Ван Дамм Азербайжан пианисти Суаде Гажизаде менен баш кошкон.
Жаш жубайлар укмуштуудай үйлөнүү үлпөтүн өткөрбөөнү чечип, Стамбулдагы Азербайжандын элчилигинде жупуну азем өткөрүшкөн.
34 жаштагы Кристофердин сүйүктүүсү Суаде 21 жашта, ал жети эл аралык музыкалык конкурстун лауреаты.