"Карызга акча алып, ээсин коркутууга алган". Ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, май айынын аягында Ош облусунун Араван районунун тургуну ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 18 миң долларын алып, бир аз убакыттан кийин карызды төлөп берүүнү талап кылганда, ал ар кандай шылтоолорду айтып, кача баштаган. Арыз ээсин коркутууга аракет кылып, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүн ага акчадан баш тартууга мажбурлоо максатында жөнөтө баштаган.

Мындан сырткары июнь айынын башында Араван районунун дагы бир тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда 2017-жылы белгилүү бир жаран анын ишенимине кирип, миллион сомдон ашык суммадагы акчаны алдап алып, качып жүргөнүн жазган. Белгилүү болгондой, эки арыз ээси тең бир адамга мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан.

"Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш иштерине шектелип 1986-жылы туулган жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Бул жаран мурда алдамчылык иш-аракеттери үчүн жоопко тартылган. Ал 2019-жылы Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, пробациялык көзөмөл дайындалган. Бирок ал сыноо мөөнөтүндө жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акча төлөгөн эмес. 2020-жылдын февраль айында атын өзгөртүп, жаңы документтерди алган", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан