Австралияда өткөн аукциондо келпи тукумундагы ит рекорддук баага, тагыраагы 27 миң АКШ долларына сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Кожоюндар Дэвид жана Сара Ли итке Юлика Хувер деген ат коюшкан. Ит эки гана жашта. Фермерлердин айтымында, ит өтө акылдуу жана эмгекчил, ошондой эле кой жана бодо мал кайтарууну билет. Бул аны койчунун алмаштыргыс жардамчысы кылат", - деп жазылат маалыматта.