Сауд Арабиясы өлкөгө киргендер үчүн милдеттүү түрдө COVID каттоосун киргизди

Сауд Арабиясынын жарандык авиациясынын башкы дирекциясы жаңы эрежелерди киргизди, ага ылайык, өлкөгө келген бардык чет элдиктер келгенге чейин COVID-19дан айыгып, ага каршы эмделгендердин базасында каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул протокол кирүү процедураларын жөнөкөйлөтүүгө жана өткөрүү пункттарында күтүү убактысын кыскартууга жардам берет.

Жаңы эрежелер өлкөгө келгендердин баарына, анын ичинде Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнөн келген жарандарга (алар үчүн визасыз режим күчүндө), жаңы визалардын ээлерине тийиштүү. Ошол эле учурда эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды берип Сауд Арабия багытында учуп кетерден мурун тутумда каттоодон өтүү керектиги өзгөчө белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан