"Мен 29 эле жаштамын го". Кристиан Эриксен көзүн ачкандан кийин эмне деп айтканы белгилүү болду

Футбол талаасында эс-учун жоготкон Дания курамасынын белгилүү футболчусу Кристиан Эриксенди кайра жандандыруу бөлүмүндө караган дарыгер Йенс Кляйнфельд Эриксендин эсине келгенден кийинки алгач эмне дегенин айтты. Маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазды.

"Кристиан көзүн ачып, дароо мени менен сүйлөшө баштады. Мен андан англисче "Кайтып келдиңби?" деп сурадым. Ал "Ооба, мен ушул жердемин" деп жооп берди. Андан кийин ал: "Шайтандыкы десе, мен жаңы эле 29 жашка чыктым го" деди. Мен ага баары жайында экендигин айттым. Эриксен дароо баарын түшүнүп, колун көкүрөгүнө койду", - деген Кляйнфельд.

2-июнда өткөн Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-FREEDOM-
2021-06-19 06:45:38
Ажал жашка карабайт. Куну суун бутсо кете бересин
+6
ErkinOkenovich
2021-06-19 10:40:51
МашшАлла эми Эриксен ислам динин кабыл ал. Бир аз секунд, минут болсо дагы чын жашоону коргондурсун. Коп жаша Эриксен!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан