Элеттик айымдардын күнүнө карата Кыргыз өлкөсүнүн аялдар кеңешинин конференциясы өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен Бишкек шаарында 18-июнь – Элеттик айымдардын күнүнө карата конференция болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Конференцияга Кыргыз мамлекетинин 7 дубанынан айымдар келип катышып, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, элет жериндеги көйгөйлөр менен катар коомдук өнүгүүдөгү жана келечек муундарды тарбиялоодогу аялдардын ролу талкууга алынды.

Жыйында сөз алып сүйлөгөн депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештерде, мамлекеттик кызматтарда айымдардын болушу маанилүү экенин белгиледи. “Жергиликтүү кеңештин курамына 30 пайыздык квотанын чегерилиши - бул чоң жетишкендик. Андан сырткары Жогорку Кеңештин жана министрлер кабинетинин курамында да айымдардын иштеп жатышы аялдардын коомдук турмуштагы активдүүлүгүн жогорулатат. Жакында парламенттен үч окуудан элеттик аялдардын кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү максатындагы мыйзам долбоору колдоо таап, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал мыйзам күчүнө кирсе, элеттеги айымдарды жумуш менен камсыздоого чоң өбөлгө болот”, - деди.

Иш-чарада элеттик аялдардын кол өнөрчүлүгүнөн даярдалган оймо-чийме, кыргыздын улуттук кийимдеринин заманбап үлгүлөрү көрсөтүлдү. Конференция концерттик программа менен коштолуп, лидер айымдарга Аялдар кеңешинин Ардак грамотасы тапшырылды. Ал эми иш-чаранын катышуучулары конференцияны демилгелеп, уюштурган депутат Айнуру Алтыбаевага ыраазычылыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан