Ош шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Верхно-Нагорный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 22:27де чектөөгө алынган жана саат 23:23тө толук өчүрүлдү.
Натыйжада турак үйдүн 30 чарчы метр шыбы, полу жана үй буюмдары күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда деп жазылат маалыматта.