Баткенде тоодон түшө албай калган 18 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"18-июнь күнү Баткен облусунда Кадамжай районунун Лангар айылынын 2003-жылы туулган Т. уулу Э. аттуу жаран тоодо койлорун айдап түшүүгө барып, өзү тоодон түшө албай калган.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Кадамжай районунун 3 куткаруучусу тартылып, аталган жаранды тоодон түшүрүп келишкен. Абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.