Кечээ, 24-октябрда Бишкек шаарындагы Кырк-Казык жаңы конушунун 32 жаштагы И.К. аттуу тургуну укук коргоо органына арыз менен кайрылган. Арызда, Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан «Кашмир» кафесинин жанынан анын «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 5 миң сом акчасын белгисиз адам күчкө салып тартып алгандыгын билдирген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүү деп Нарын шаарынын 16 жаштагы М.С. аттуу тургуну кармалды. Учурда Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тергөө амалдарын баштады.