Орусиялык "Little Big" тобунун клиптерине тартылган жылдыз коронавирустан каза болду

Орусиялык "Little Big" тобунун клиптерине тартылып белгилүү болгон актриса Полина Соколова коронавирустан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 19-июнда каза болгон. Аталган топтун Инстаграм баракчасына төмөндөгүдөй сөздөр жазылды.

"Бизде абдан кайгылуу жаңылык бар. Бүгүн Полина Соколовадан айрылдык. Анын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөбүз. Полина, сен түбөлүккө биздин чоң үй-бүлөнүн мүчөсү бойдон каласың", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан