Арменияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо тилкесинде атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Арарат районунун Азаташен айылында ок атылды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыккан. Чыр-чатактын катышуучуларынын бири газ тапанчасынан бир нече жолу ок чыгарган. 20-июнда Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө.